Биз менен байланышыңыз

Казакстандын жаңы башкаруучусу тууралуу эмне билебиз?

Дүйнө | 20 Мар 2019 | 741 | 0

Казакстандын президентинин милдетин убактылуу аткаруучу Касым-Жомарт Токаев 1953-жылы 17-майда Алматы шаарында туулган.

Билими

Токаев 1970-жыды СССРдин ТИМинин Москва мамлекеттик институтуна (МГИМО) тапшырган. Бешинчи курста окуп жатканда дипломдук практикалык иш үчүн СССРдин Кытайдагы элчилигине жиберилген. Ал жерде жарым жыл иштеген.

Ал эми 1991-жылы СССРдин ТИМинин Дипломатиялык академиясынан тажрыйбасын жогорулатуу максатында квалификациялык курстан өткөн.

Иштеген жерлери

1975-жылы СССРдин ТИМине кызматка кирип, СССРдин Сингапурдагы элчилигине жиберилген. 1979-жылы кайра аталган министрликтин аппаратына келген. 1983-жылы Кытайга кетип, Пекин лингвистикалык институтунда он айлык тажрыйба алмашуудан өткөн.

1984−1985-жылдары ТИМде иштеп, кийинчерээк Советтер Союзунун Кытайдагы элчилигине жиберилип, 1991-жылга чейин элчинин экинчи, биринчи катчысы жана кеңешчиси катары эмгектенген.

1992-жылы Токаев Казакстандын Тышкы иштер министринин орунбасары болуп дайындалган. 1993-жылы аталган министрликтин биринчи орун басары болуп, 1994-жылы тышкы иштер министри болгон.

1999-жылдын мартынан тарта өкмөт башчынын орун басары кызматын аркалаган.

Ал эми ошол эле жылы октябрда өкмөт башчы болуп дайындалып, 2002-жылга чейин өкмөттү башкарган. Андан соң мамлекеттик катчы-тышкы иштер министри болуп кайра дайындалган.

2007-жылга чейин Казакстандын тышкы саясатын жетектеп, январда болсо казак парламентинин төрагасы болгон.

Токаев баш аягы он жыл Казакстандын Тышкы иштер министри кызматын аркалаган. (1994-1999, 2002-2007).

Токаевдин аты аралашкан окуялар

2014-жылы орусиялык РЕН-ТВ каналы казакстандык бизнесмендин “тез жардам” кызматынын айдоочусун сабаган сюжетти жарыялап, анда Токаевдин кымбат баалуу унаасы да аралашкан.

Ошондой эле Токаевдин ысымы ТИМдин конокторду кабыл алуучу үйлөрүн эки ирет саткан иште да аралашкан. Анткени 2000-жылдары Казакстандын борбору Алматыдан Астанага көчүрүлгөндө коноктор үйү Алматы акимиятынын карамагына өткөрүлгөн. Ошол кезде сатылды делген конок үйлөрдүн бирөөсү 70 сотых аянты менен 8 млн долларга бааланган.

Анда конок үйүн алгач 2000-жылы болгону 10 млн тенгеге сатышып, экинчи ирет 2004-жылы 280 млн тенгеге баалашкан. Ал эми сатып алууну айыл чарба иштери менен алектенген фирма ишке ашырган. Ал Касым-Жомарт Токаевдин эжесине таандык фирма болгон.

2006-жылы болсо аталган конок үй Токаевдин бир тууган жээнинин башкаруусуна өткөрүлгөн.

Полиглот

Токаев беш тилде эркин сүйлөйт. Казак, орус, англис, кытай жана француз тилдерин мыкты деңгээлде билет.  Стол теннисин ойногонду жактырат. Үй бүлөлүү, бир уулдун атасы. Анын теги Казакстандагы Улуу Жүздүн Жалаир тобунан экени айтылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM