Биз менен байланышыңыз

Жумабеков Атамбаевге: Таасириңиз парламентке да байкалып турган

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 907 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кызматта турганда таасири парламентке да байкалып турган. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президенттин дарегине кайрылуу жолдоп жатып айтты.

-Былтыр сиз кызматтан кеткенден кийин шакирттериңиз өкмөттү, прокуратураны, бажыны, борбор калааны бекем мыкчып турган болчу. Сиздин таасириңиз парламентке дагы байкалып турган эле. Бирок ошого карабастан сиз шыбаган депутаттар көз карандысыз комиссия түзүп, бир эле обьектиден 100 млндогон доллар акча уурдалганын жазып чыккан. Ишти улантуу тергөө органдарына жүктөлдү, — деди Жумабеков.

Эскерте кетсек, 17-мартта Аксы окуясын эскерүүдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев азыркы депутаттарды сынга алып, аларды оор сөз менен сыпаттаган. Президенттин иниси Асылбек Жээнбековго көз каранды деп да баалаган.

Copyright © 2017 Maral FM