Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков: КСДП фракциясы реалдуу оппозиция боло алмак

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Мар 2019 | 547 | 0

КСДП фракциясы реалдуу оппозиция боло алмак. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламенттеги оппозиция өз милдетин аткара албай жатат. Алар бийликтин азыраак “талканын” алып алгандыктан үн катпай отурушат.

Оппозицияга «талкан» бербей коюш керек. Ошондо гана алар күрөшөт. Эгерде мыйзамдар эл аралык тажрыйбага таянып жазылганда оппозиция коалициялык көпчүлүктүн кемчиликтерин айтып турмак.

Эл өкүлү мындан сырткары, парламентеги көпчүлүк коалиция таркап кетпей турганын кошумчалады.

«Коалиция аркылуу ишин жүргүзүп жаткандар көпчүлүктү түзөт. Аларда коалициядан чыгайын деген ниет жок. Эгерде көпчүлүк коалиция таркап кетсе деле эч нерсе болбойт. КСДП кетсе президент башка фракцияга мандат берет», — дейт депутат.

Эске салсак, Кыргызстан социал-демократтар партиясы расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялаган. Ал эми парламенттеги КСДП фракциясы коалициянын курамында каларын фракция лидери Иса Өмүркулов айткан.

Copyright © 2017 Maral FM