Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Назарбаев улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 602 | 0

Бүгүн, 19-мартта, Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин Казакстандын гүлдөп өнүгүүсү үчүн жасаган эмгегин өзгөчө белгиледи.

Ал Нурсултан Назарбаев биздин замандын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, реформатор, аймактагы интеграциялык процесстин куруучусу, улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан экенин белгиледи.

Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана жакшы коңшулаш бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүдөгү жана тереңдетүүдөгү өзгөчө ролун баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков  Нурсултан Назарбаевге бардык жакшылыктарды жана узун өмүр каалады.

Copyright © 2017 Maral FM