Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти. Бул тууралуу ал өзү 19-мартта калкка кайрылуу жасады.
-Биз баарын сиздер менен жасадык. Сиздер мени бардык шайлоодо колдоп келдиңиздер. Мындай өлкөгө президент болуу – бакыт. Мен ишенич жана адилеттүүлүк менен кызмат кылдым, — деп ыраазычылыгын билдирген.
Казакстандын мыйзамы боюнча Назарбаевдин ордуна президенттин милдетин аткаруучу болуп сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев келди.
Кошумчалай кетсек, Назарбаев Казакстанды 1990-жылдан бери башкарып келет. Ал 2015-жылы 5-жолу шайланган.
1 пикир