Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Өкмөт кол коюлган протоколду коомчулукка бериш керек

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 799 | 1

Экс-депутат жана коомдук ишмер Камчыбек Ташиев Баткен чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, анда чек ара маселеси боюнча эки тараптуу сүлөшүүлөрдөн кийин бийлик тарап кандай протоколдорго жана кандай шарттарда кол коюлганы боюнча маалымат бербей жатканын сынга алды.

«Чек ара маселеси бутту дегенден кийин биз эч кандай маалымат ала алаган жокпуз. Кандай протоколдорго, кандай шаттар менен коюлду? Бирок бүгүнкү күндө Тажикстандын премьер-министри протоколдо кандай болсо толугу бойдон интервью берип айтты. Биздикилер айта элек. Тажикстандын «Азоди» сайтында ошолор боюнча айтылды. Бирок ошол тажик тараптан берген маалыматтарга таянып туруп, мен айтып кетишим керек. Биздин сүйлөшүүлөр өтө туура эмес болгон. Кабыл алынган чечим эгерде ошондой болсо, туура эмес кабыл алынган», -деди экс-депутат Ташиев.

Ошондой эле Ташиев Кыргыз өкмөтүнүн тез аранын ичинде кол коюлган протоколду коомчулукка бериш керектигин, коомчулук эмнелер чечилип, эмнелер чечилбегенин билиши керектигин атты.

«Кечээ кол коюлган протоколдор Кыргызстандын,  жергиликтүү элдин кызыкчылыгын коргобой турган болсо, биз андан толук артка кайтышыбыз керек. Ачык айтпасак бир нече жылдардан кийин кайра чыгып калып жатат. Ушунун негизинде көптөгөн жерлерибизди алдырып коюп жатабыз,»- деди экс-депутат Ташиев.

Copyright © 2017 Maral FM