Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы чатактан жабыркагандардын абалы канааттандырарлык

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 479 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облустук ооруканасына барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чыр-чатактын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымаат кызматы билдирди.

Маектешүүдө вице-премьер-министр толук кандуу сакайып кеткиче аларга үзгүлтүксүз медициналык кам көрүлөрүн белгилеп, материалдык жардам тапшырды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен Баткен районунун төрт жашоочусу жапа чеккен.

Дарыгерлердин айтымында, бардык жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык.

Copyright © 2017 Maral FM