Биз менен байланышыңыз

КСДП расмий түрдө оппозицияга өттү

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 952 | 0

Кыргызстан социал-демократтар партиясы расмий түрдө оппозицияга өттү. Бул тууралуу маалыматты партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева “Маралга” тастыктады. Анын айтымында, 17-март күнү Аксы окуясын эскерүү иш-чарасында Равшан Жээнбековдун КСДП тууралуу айткандары туура.

-КСДПнын оппозицияга өткөнүн туура деп кабыл алдым, колдойм. Мен Алмазбек Атамбаевге 7 жыл оппозиция болдум. Бирок оппозициядагы Атамбаевге оппозиция боло албайм, — деп Жээнбеков айткан болчу.

Кошумчалай кетсек, буга чейин КСДП 2020-жылда өтө турчу парламенттик шайлоого катышары, талапкерлерди экс-президент Алмазбек Атамбаев баштап барары кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM