Биз менен байланышыңыз

Индонезиядагы нөшөрлөп жааган жаандан 60 киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 618 | 0

Индонезиядагы нөшөрлөп жааган жаандан улам ташкындаган суу адамдардын курмандыктарына алып келди.  Өзгөчө кырдаалдардын берген маалымат боюнча бүгүн, 17-мартта Папуа провинциясынын айыл-кыштактарында бери дегенде 60 киши каза болуп, 74 киши жабыркаганын Deutsche Welle билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү билдиргендей жүздөгөн үйлөрдү суу каптап калган. Анын айтымында көп жабыр тарткан аймактарга баруу азырынча мүмкүн болбой жаткандыктан жабыр тарткандардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн.

Жолдордун жана көпүрөлөрдүн бузулушу куткаруу иштерине тоскоолдук жаратып жатат. Аталган провинцияда эки жума мурда өзгөчө кырдаал абалы киргизилген. Учурда убактылуу баш калкалоочу жайга  4 миңден ашык адам көчүрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM