Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Мирзиёев келгенден кийин Орто Азияга тынчтык келди

Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 949 | 0

Өзбекстан менен болгон жашы мамилени колдонуп чек ара маселелерин чечип алыш керек, чечпей создуктуруп отурса азыркы Ворухтай болот. Мындай пикирин бүгүн, 17-мартта Алмазбек Атамбаев Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Мына билесиңер 2016-жылы Өзбекстанга жаңы президент Шавкат Мирзиёев шайланды. Мирзиёев келгенден кийин Орто Азияга толук бойдон тынчтык келди. Ага чейин бир Кыргызстан менен бир Тажикстан менен конфликт чыгып турган. Бирок мен ошол 2016-жылдын акыркы айларында иш сапары менен Мирзиёевге биринчи жолу барганда тең ата сүлөштүм, анткени мурун бизге свет менен газды өчүрүп ахывал башка болчу. Ушундай жылуу мамиле менен Өзбекстан менен чек аранын жарымы бүттү. Ушундай мезгилди колдонуп калган маселелердин баарын чечип алыш керек да. А чечпей создуктуруп отурса мына азыркы Ворухтай болот да, көрүп жатасыңар кандай болуп жатат. Анткени 2014-2015-2016-жылдарда сүйлөшүүлөр болгон. 2016-жылы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков болду, андан кийин президент болду ошол бойдон бул маселе унутулган,»-деди Алмазбек Атамбаев.

Мындан сырткары азыркы бийликтин бир эле маселеси бар экенин айтып, ал да Атамбаевди жоготуу экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM