Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө боюнча Жарлыкка жакында кол коём

Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 666 | 0

«Элдик Апрель революциясына 2020-жылы 10 жыл болот. Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө тууралуу Жарлыкка жакында кол коём», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерүү митингинде.

«Бүгүн биз Аксы окуясында курман болгондордун жана жаракат алып, кийин көз жумгандардын жаркын элесине таазим кылабыз. Ошону менен бирге 2005, 2010-жылдары адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштө курман болгон мекендештерибизди эскеребиз. Алардын эмне үчүн көз жумганын эстейбиз. Элдик Апрель революциясына 2020-жылы 10 жыл болот. 2010-жылы апрелде мекендештерим менен бирге мен дагы үй-бүлөлүк кандуу режимге каршы чыккам. Мен үчүн 2010-жылы курман болгон мекендештеримдин, алардын жакындарынын тагдыры — жөн гана курулай сөз эмес. Менин жүрөгүмдө», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM