Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы жагдайдан улам Баткен-Исфана аба каттамы ишке кирди

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 2188 | 0

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кыргыз өкмөтү Баткен-Исфана-Баткен авиакаттамын киргизди.

Алгачкы каттам 15-мартта саат 13:00дө башталды. Учуу убактысы 30 мүнөт.

Мындан тышкары Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамы жумасына үзгүлтүксүз бир жолу дүйшөмбү күндөрү учуп турмакчы.

Азыркы учурда Өкмөтү тарабынан Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамын жумасына үзгүлтүксүз эки жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү уюштуруу маселеси иштелүүдө.

Аталган авиакаттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат.

«Тез жет» компаниясынын белгилешинче, билет баасы бир тарапка 1000 сом.

Copyright © 2017 Maral FM