Биз менен байланышыңыз

Учак билеттери кымбаттайбы?

Коом , Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 777 | 0

«Эйр Манас» компаниясы Бишкек-Ош каттамын токтотту. Мындан ары аталган каттам боюнча жүргүнчүлөрдү TezJet, Avia Traffic компаниялары ташыйт. Жарандык авиация агенттиги менен Транспорт жана Жол министрлиги аба каттамдары үзгүлтүккө учурабай турганын белгилейт. Ошондой эле билет бааларында кескин өсүү болбойт деп ишендиришти. Бирок авиакассаларда билет бааларынын көтөрүлгөнү байкалууда. Avia Traffic компаниясы билет бааларынын жогорулашына  «Эйр Манастын» ишин токтотуусу эч кандай таасир бербей турганын айтат.


1-марттан тарта «Эйр Манас» компаниясы Бишкек-Ош каттамын токтотту. Өлкөнүн Жарандык авиация агенттигинен кабарлагандай, буга өндүрүштүк муктаждык себеп болгон. «Манас» Эл аралык аэропортунун маалыматына караганда Бишкек- Ош каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү күн сайын «Эйр Манастан» тышкары TezJet, Avia Traffic компаниялары ташыйт.

Ал эми коомчулукта «Эйр Манас» компаниясы ишин токтотконуна байланыштуу учак билеттеринин баасы кымбаттап жатканы айтылууда. Бирок Avia Traffic компаниясынын өндүрүштүк жана чарбалык бөлүмүнүн башчысы Мээрим Садыкова «Эйр Манастын» чечими билет бааларына эч кандай таасир тийгизбегенин белгиледи.

— Азыркы тапта учак билеттери 2 миң сомдон жогору сатылып жатат. Бизге жетекчиликтен «бааны жасалма негизде көтөрбөгүлө» деген тапшырма келет. Тагыраагы, билеттин наркы рейске кеткен чыгымга жараша коюлат. Негизи, 3700 сомго чейинки тариф бар. Бирок бүгүнкү күндө баалар ага жете элек. Анткени жүргүнчүлөрдүн агымы аз. Ашып кетсе билет 2500-2700 сом турат. 

Ал эми Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышовдун айтымында, «Эйр Манастын» каттамдарын токтотушу жүргүнчүлөрдүн  кыймылын үзгүлтүккө учуратпайт. Анткени TezJet авиакомпаниясына жаңы учак келген. Ал Бишкек-Ош багыты боюнча каттамдарды аткарууда. Жалпысынан Бишкек-Ош багыты боюнча күн сайын 6 каттам иш алып барууда. Авивкомпаниялар ортосунда атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясын көтөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

— Германиянын ПАНАФ аттуу компаниясы инвестор болуп «Эйр Кыргызстан» авиакмпаниясы менен меморандумга кол коюп, иш жүрүп жатат. Алар учак паркын көбөйтүү тууралуу, биздин талапатарды алып, аны аткарууга камданып жатышат. Менин оюмча, көп деле башаламандык болбойт. Анткени TezJet, Avia Traffic компнаияларынын мүмкүнчүлүктөрү зор. Алар жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйө турган болсо, комушча каттамдарды ачууга даяр. Ал эми учак билеттеринин баасын компаниялар ортосундагы атаандаштык гана түшүрө алат. «Эйр Манастын» учактары келсе, «Эйр Кыргызстан»  көтөрүлсө, рынокто 4 авиакомпания атаандаштыкка чыгат. Алардын атаандаштыгы билеттердин баасынын төмөндөшүнө шарт түзөт. 

«Эйр Манас» компаниясы жергиликтүү жана эл аралык каттамдарды аткаруучу Airbus үлгүсүндөгү учактарды алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жаңы аба кемелери алынса, экипаж, техникалык кызматкерлер окутуудан өтөт. Бул маселе жыл соңуна чейин чечилип, «Эйр Манас» Бишкек-Ош каттамын кайра жандантары күтүлүүдө. Транспорт жана жол министрлиги аба каттамдарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Бул тууралуу аталган мекеменин жарандык авиация жана суу транспорт бөлүмүнүн башчысы Арзымат Матмуратов маалымдады. Ал учак билеттеринин баасы кескин көтөрүлбөй турганын айтып ишендирди.

— Аба каттамдары үзгүлтүккө учурабайт. Бул маселенин алдын алуу үчүн кошумча иштерди жүргүзүп жатабыз. Авиакомпаниялардын кошумча каттамдарды ачууга дарамети жетет. Ал эми «Эйр Манас» компаниясы ишин токтотконуна байланыштуу билет баасында маселе жаралышы мүмкүн. Бирок азыр баа 4 миң сомдон ашкан жок. Мурда деле ушундай болчу. Билеттин наркы кескин көтөрүлбөйт. Жарандык авиация агенттигине авиакомпаниялар менен тыгыз иштешип, бааны көтөрбөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасын бердик. 

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алтынбек Жунус уулунун пикиринде, ички каттамдар үзгүлтүккө учурабашы керек. Бирок мамлекеттин жеке компанияларды колдоого мүмкүнчүлүгү жок. Мындан улам жок дегенде аэропортторго шарт түзүп берүү керек.

— Мамлекеттин өзүнүн стратегиясы болушу керек. Бизде авиакомпания менен аэропорт өзүнчө болуп калган. Бул туура эмес. Анткени авиакомпания же учак сатып ала албайт же лизингге алууга күрөсү жок, жөн гана мөөрү бар ишкана болуп калган. Ошондуктан «Манас» аэропортуна мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Алар учакка болгон муктаждыкты чечиши зарыл. TezJet, Avia Traffic компанияларынын эң жаңы учактарынын чыкканына да 20 жылдын жүзү болгон. Мындан улам коркунуч бар. Андыктан аэропорт бул жаатта да иш алып барууга тийиш. 

Кошумчалай кетсек, «Эйр Манас» компаниясы Бишкек-Ош каттамын жапканына байланыштуу буга чейин билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасын кайра кайтарып берет.

Copyright © 2017 Maral FM