Транспорт жана жол министрлиги 2020-жылдын 9 айында жасаган иштери жөнүндө маалымат жыйын өткөрдү.
Алардын билдирүүсүнө таянып айтсак, өлкө казынасынын эсебинен 400 км жолго асфальт төшөө, кайра оңдоо иштери каралып, бирок пандемия шарттарына байланыштуу учурда 193. 7 км жол гана бүткөрүлгөн. Мунун ичинен аймактарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында район-шаарлардын 152,9 км ички жолдорун капиталдык оңдоп-түзөө пландаштырылган. Учурда 155,6 км жолго асфальт төшөлдү. Маселен, «Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду» унаа жолунун 85-104-чакырымдарында асфальт катмарынын үстүңкү бөлүгүн төшөө иштери жүрүп жатат. 9 айда аталган жолдун 12,6 чакырымына асфальт төшөлүп бүткөн. Ошондой эле ушул жылдын 14-сентябрында жер көчкүдөн улам жабылып калган «Дыйкан-Кара-Кече» жолу кайра оңдолуп, узундугу 3500 метр, туурасы 8,5 метр (айрым жерлерде 4,5 м) келген унаа жол салынды.
Ал эми эл аралык донор уюмдардын эсебинен 2020-жылга 143 км асфальт төшөө пландалып, тилекке каршы, COVID-19 пандемиясынан улам киргизилген өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимдерине байланыштуу ишмердикке чектөөлөр коюлуп, долбоорлорду ишке ашыруу кыйла кечеңдеген. Мындан улам асфальт төшөө 92 километрге кыскарып, 9 ай ичинде 62,2 км асфальт төшөлгөн, анын ичинен:
-«Түндүк-Түштүк» унаа жолу — 9 км;
-«Бишкек-Кара-Балта» унаа жолу — 19,6 км;
-«Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолу — 10,6 км;
-«Ош-Баткен-Исфана» унаа жолу — 12 км;
-«Жалал-Абад-Маданият» унаа жолу — 11 км;
Бүгүнкү күндө калган жумуштарды жылдын аягына чейин аяктоо маселеси каралууда.
Жогоруда айтылган маалыматтарды Транспорт жана жол министри Бакыт Бердалиев баяндап, кошумча буларды билдирди:
— «Түндүк-Түштүк» альтернативдүү жолунун туннелдеринде жумуштар жүрүп жатат. Эстакадалык көпүрөлөр да жасалууда. Темир жолдо пандемияга байланыштуу жүргүнчү ташуу токтогон, жүк ташуулар коюлган планга ылайык аткарылууда. Эл аралык каттамдагы автобус, маршруттар токтотулуп, ички каттамдар гана калды. Азыркы учурда республика боюнча 1 829 калк жайгашкан пунктта автобус каттамдары бар, бул 87,8 %ды түзөт.
Бакыт Бердалиев мындан тышкары «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун үстүндө аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетүүчү жагдай, аймактарды өнүктүрүү программасында 2020-жылдын III кварталына карата «Исфана» аэропортун оңдоп-түзөө каралган. Азыркы тапта учуу-конуу тилкелеринин, токтотуучу жолдорунун жана аялдама орундарынын асфальт катмарын оңдоп-түзөө иштери 100% бүткөрүлдү. Аэропорт колдонууга даяр, кийинки айларда ачылыш аземи болору күтүлүүдө. Мындан сырткары «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда аэродром жабууларынын жана аэровокзалдык комплекстердин имараттарынын зарыл болгон оңдоп-түзөө иштери улантылууда.
— Август айынан тарта аба каттамдарын жанданта баштадык. Азыркы күндө Кыргызстан 32 мамлекеттин жарандары үчүн чек араны ачкан, анын ичинде Орусия, Түркия, БАЭ жана башка мамлекеттер бар. Туруктуу эл аралык авиакаттамдардын санын көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Деген менен парламенттин экс-депутаты Алтынбек Жунус уулу Транспорт жана жол министрлигинин быйылкы ишине канааттанбайт. Анын айтымында, министрлик өтө начар иштеди. Пандемияга чейин эле эл аралык донорлордун эсебинен салынып жаткан жолдордун курулушу графиктен кечигип келген. Ошондой эле жумушчулардын маяналарында көйгөйлөр бар. Алтынбек Жунус уулу жаралып жаткан маселелерди чечүү жолун да сунуштады.
— Бюджеттин эсебинен аткарылчу иштер карызга жасалып, убагында жабылбагандыктан, жергиликтүү жолдор салынбай калды. Жол куруу сезонунда министрликтин иши өтө начар болду. Буларга эбегейсиз чоң аванс акчалар берилген, эл аралык донор уюмдардын оозун карап отура бербестен, ошого иштерин жүргүзүп, штаб ачышы керек. Ар бир долбоор боюнча жеринде иш алып баруу талап кылынат, бирок министрликтегилер кабинеттен чыкпай отура беришет. «Акчаларын доолап жатат», — дешсе, биз ишенчү эмес элек. Эгебейсиз пара менен да кармалды. Бирок кайра эле ошол адамдар иштеп, кызматка келүүдө.
Ал эми министрликтин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Талант Садакбаевдин баамында, пандемиядан улам жумушчулар келе албай, иштер аксап калган. Ошондой эле жол курууда салмак габариттик көзөмөл боюнча анализ жүргүзүп, жол тармагында реформаларды жасоо зарылдыгын, асфальт төшөөдө чакырым эмес, куб метр менен ченөө керектигин айтты.
— Төшөлгөн асфальттын көлөмүн чакырым менен эмес, куб метр менен өлчөө зарыл. 100 чакырымга асфальт төшөлдү деген менен эл аралык жолдордун туурасы — 15 метр, ал эми кадимки жолдордуку — 5 метр. Чакырым менен өлчөгөндө, министрлик же көп, же аз жол салганына так баа бере албайбыз. Индикаторлорду туура бериши керек. Габариттик параметрлерди таразага тартууга жана ченөөгө анализ жүргүзүү зарыл.
Кошумча катары айтсак, 2020-жылдын 9 айында уруксат кагаздарын берүү, габариттик параметрлерин таразага тартуу жана ченөөдөн, айып пулдарды чогултуудан жана административдик укук бузуулардан 32 979 сом түшкөн (2019-жылы — 55 898, 8 сом).
Белгилей кетсек, өткөн жылы 423 км жолго асфальт төшөлгөнүн, 800 км унаа жолу оңдолуп, жалпысынан бардык булактарды кошкондо 10,9 млрд сом жумшалган.