Биз менен байланышыңыз

Коронавируcтан эбегейсиз киреше тапкан 10 ишкер

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 10896 | 0

Коронавирустун күч алышы менен кытайлык 10 миллиардердин байлыгы бир жума ичинде жалпысынан 14,5 млрд долларга көбөйгөн. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бизнесмендердин көпчүлүгү саламаттыкты сактоо тармагында ишкерлик кылышат.

Кытайлык ишкерлерден Hansoh Pharmaceutical фармацевтикалык компаниясынын жетекчиси Чжун Хуэйцзюань эң көп пайда тапкан. Тактап айтканда, ишкердин кирешеси 16 пайызга жогорулап, (2,2 млрд долларга өсүп) 16,6 млрд долларга бааланган.

Чжун жолдошу менен Кытайдын эң бай үй-бүлөлөрүнүн катарына кирет. Чжундун жолдошу Сунь Пяояндын кирешеси өткөн жумада эле 1,3 млрд долларга жогорулап, жалпы 13,6 млрд долларды түздү. 61 жаштагы ишкер 30 жыл бою Кытайдын эң ири Jiangsu Hengrui  фармацевтикалык компаниясына ээлик кылып келген.

Кытайдын ооруканаларын тийиштүү жабдуулар менен камсыздаган Mindray Medical International ири компаниясынын уюштуруучуларынын бири жана башкы директору Ли Ситиндин кирешеси 1,3 млрд долларга (11%) көбөйүп, 13,2 млрд долларга жеткен. Шэньчжэн шаарында жайгашкан компания мониторинг үчүн аппарат жана кан анализи үчүн реагенттерди иштеп чыгарат.

Mindray Medical International компаниясынын дагы бир негиздөөчүсү Сюй Хандин байлыгы да 1,3 млрд долларга көбөйүп, 12,8 млрд долларга жеткен.

Aier Eye Hospital Group офтальмология тармагынын президенти Чен Бандын кирешеси бир жума аралыгында 1 млрд долларга (13%) өсүп, байлыгы 9,1 млрд долларга жакындаган. Баш кеңсеси Хунань провинциясында жайгашкан компания АКШ, Европа жана Гонконгдо сексенден ашык клиникага ээлик кылат.

Мындан сырткары, Цин Инлиндин байлыгы 1,9 млрд долларга (10%) көбөйүп, 20,3 млрд долларга жеткен. 54 жаштагы Цин торопой этин өндүрүүчү ири компаниялардын бири болгон Muyuan Foodstuff  компаниясына жетекчилик кылат.

New Hope Group конгломератынын ээси Лю Юнхаонун кирешеси 1,8 млрд долларга (16%) өсүп, 12,7 млрд долларга жеткен.

Кытайда эң бай адамдарынын бири, Tencent компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы аткаруучу директору Ма Хуатэндин кирешеси  бир жуманын ичинде 1,1 млрд долларга көбөйгөн.

Киреше тапкан ишкерлер:

Чжун Хуэйцзюань, Hansoh Pharmaceutical, 2,2 млрд $;

Цин Инлин жана үй-бүлөсү, Muyuan Foodstuff, 1,9 млрд $;

Лю Юнхао жана үй-бүлөсү, New Hope Group, 1,8 млрд $;

Цэнь Цзюньда, Jiangsu Hengrui, 1,4 млрд $;

Ли Ситин, Mindray Medical International, 1,3 млрд $;

Сюй Хан, Mindray Medical International, 1,3 млрд $;

Сунь Пяоян, Jiangsu Hengrui, 1,3 млрд $;

Хэ Сянцзянь, Midea Group, 1,2 млрд $;

Ма Хуатэн, Tencent, 1,1 млрд $;

Чень Бан, Aier Eye Hospital Group, 1 млрд $.

Copyright © 2017 Maral FM