Биз менен байланышыңыз

Өкмөт эки учак сатып алышы мүмкүн

Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 624 | 0

22-январда Жогорку Кеңештин  Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында мамлекеттик жалгыз авиакомпания «Эйр Кыргызстандын» учурдагы   кризистик абалы талкууланып, ага мамлекеттик колдоо иретинде эки учак сатып алуу сунушу каралды.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышкан комитет жыйынында ички каттамдарды жакшыртуу  жана атаандаштыкка туруштук берүүсүн камсыздоо маселеси каралды.

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышевдин айтымында учактарды кайдан жана канчага сатып алары тууралуу азырынча тактала элек. Сунушту өкмөт карап, эки айдын ичинде чечим чыгарат.

Эске салсак, «Эйр Кыргызстан» мамлекеттик компаниясы банкроттук абалга кептелип, абалдан чыгуу максатында анын 49% үлүшү сатыкка коюлган.

 

Copyright © 2017 Maral FM