Биз менен байланышыңыз

Окенов: Өкмөттүн авиация тармагын өнүктүрүү саясаты жок

Күн чекит | 22 Янв 2019 | 918 | 0

Кыргызстан ички каттамдарды аткаруу үчүн 2 учак сатып алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду. Азыркы тапта сатып алына турган учактын үлгүсү жана суммасы такталууда. Ошондой эле ички каттамдарды өнүктүрүү үчүн бир канча аба майданды калыбына келтирүү керектиги айтылды. Кыргызстандын авикомпаниясы жана анын келечеги тууралуу «Күн чекит» программасында авиация тармагындагы эксперт Таалайбек Окенов менен маектештик.

Марал: -Мамлекеттин карамагында учурда жалгыз гана “Эйр Кыргызстан” авиакомпания бар. Аны дагы сатуу маселеси көтөрүлүп келет. Бул авикомпания стратегиялык объект катарында мамлекеттин карамагында калышы керекпи же жеке колго өткөнү туурабы?

Окенов: -Авиация тармагында мамлекеттин арканды алыс таштаган саясаты жок. Анткени Кыргызстан союз маалында өзүнүн аба жолдорун негиздеп, «Кыргызстан аба жолдору» деген авиакомпания пайда болгон. Ал 100 пайыз мамлекеттин карамагында болчу. Ал дагы 2007-жылы банкрот болду. Бирок анын банкрот болуп калганына эч ким жооп берген жок. Анализ да кылынган жок. «Кыргызстан аба жолдору» авиакомпаниясы иштеп жатканда дагы бир компания пайда болду. Азыркы «Эйр Кыргызстан» ал маалда «Алтын эйр» деп аталган. Ошону менен 2003-жылы эки авиакомпания пайда болгон. Эмне үчүн мамлекет «Кыргызстан аба жолдорунун» тажрыйбасынан керектүү жыйынтык чыгара алышкан жок.

Марал: -Ушундай абалда авиакомпанияны сатып алууга кызыктар болгон инвестор барбы?

Окенов: -Банкроттук абалда турган авиакомпанияны кайсы инвестор алат? Инвестор эч качан албайт. Анткени инвесторду авиакомпаниянын каттамдары кызыктырат. Эгерде авиакомпаниялардын өздөрүнүн маршрурттары болбосо, ал таптакыр кызыксыз. Анын эч кимге кереги жок. Эйр Кыргызстандын колунда эч нерсе калбай калды.

Марал: Мамлекетке тийиштүү авиакомпаниянын бир  келечектүү узак мөөнөттүү стратегиялык программасы болушу керекпи?

Окенов: Сөзсүз да! Мына азыр “Ачык асман” жөнүндө сөз болду. Бул долбоор киргени менен мындай маселе стратегиялык программанын жоктугунан келип чыгууда. Бирок ал жөнүндө эч ким үн каткан жок. Ачык асман кирсе эле авибилеттердин баасы 40 пайызга арзандайт деп жатышат. А арзандабасачы? Анан тоолуу мамлекет болуп туруп авиациясыз калса кандай болот? Ал жакта иштеген кызматкерлер кайда барат?.. Мамлекет баарын салмактап чечим кабыл албай эле, бай мамлекеттин тажрыйбасын алып туруп киргизип салышты. Эми ал канчалык ийиликтүү ишке ашып кетет. Суроо боюнча калды.

Марал: Маегиңизге рахмат!

 

 

Copyright © 2017 Maral FM