Биз менен байланышыңыз

“Тазалык” ишканасынын кызматкерин унаа сүзүп каза болду

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 650 | 0

Профсоюз көчөсүндө кечээ, 14-мартта “Тазалык” ишканасынын 36 жаштагы Үсөн Жусубалиев аттуу кызматкерин унаа сүзүп, жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча унаа катуу ылдамдыкта келип сүзгөндүктөн, жабырлануучу 20 метр аралыкка учуп кеткен.

Сүзгөн айдоочу кармалып, учурда ишке байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM