Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Эмомали Рахмонго телефон чалды

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 1592 | 0

Бүгүн, 14-мартта Президент Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу  Президенттик аппаратын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалды болтурбоо үчүн биргелешкен комиссия түзүү керектигин жана ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон кылымдардан берки жылуу коңшу мамиледеги эки өлкөнүн эли тынчтыкта жана достукта гана жашашы керек деген бирдиктүү пикирин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM