Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Сыртта иштеген мекендештерибиз-Кыргызстандын чыныгы инвесторлору

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 535 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков элчиликтер менен консулдук мекемелердин эшиги күнү-түнү ачык болуп, чет өлкөдө жашаган мигранттарды ыкчам коргоого жана муктаждыктарын канааттандырууга даяр турууга элчилер менен болгон кеңешмеде милдеттеме берди.

«Бизди дүйнөлүк коомчулук кандай жагдай болбосун өз жарандарына кам көрүп, алардын коопсуздугуна кепил боло ала турган өлкө катары таанышы керек. Биз үчүн адам ресурсу баарынан кымбат. Сыртта жүргөн мекендештерибиз — биз үчүн баа жеткис чоң кенч. Сыртта жашап, окуп, иштеп жүргөн мекендештерибиз — Кыргызстандын чыныгы инвесторлору”,-деди мамлекет башчы.

Ошондой эле сыртта жашаган мекендештерибиз менен экономикалык, маданий, социалдык маселелер боюнча кызматташууну бекемдөө милдетин койду.

Copyright © 2017 Maral FM