Биз менен байланышыңыз

«Соттук реформаны президент өзү жалгыз ишке ашыра албайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Мар 2019 | 732 | 0

«Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге укуктук жардам берүү» фондунун президенти Толкунбек Исаков “Марал” радиосуна берген маегинде соттук реформаларды жасоо үчүн бийликтин саясий эрки бар экенин билдирди.

Анын айтымында, соттук реформанын арты менен бир топ жылыштар болот. Бирок реформаны президент өзү жалгыз ишке ашыра албайт. Мамлекеттик система дагы өлкө башчынын саясий эрки менен бирге иш алып барышы керек.

«Негизи сот системасы абдан татаал, көгөйлөрү арбын. Атамбаевдин убагында соттук системаны жакшы жакка өзгөртүүгө аракеттер жасалды. Бирок күтүлгөн  жыйынтыкка жеткен жок. Учурда соттордун кесипкөйлүгү төмөндөп кетти, өсүү байкалбайт. Сотто адилеттүү болушу үчүн кесипкөй болуп, соттук корпусту түзгөн органдар да таза иштеши керек», — дейт Исаков.

Ал белгилешинче, өлкөдө көпчүлүк адамдар дароо жок кылууга ашыгат. Бирок укуктуу өлкөдө гумандаштыруу болушу зарыл. Тилекке каршы, Кыргызстан мыйзамдардагы гумандаштыруу боюнча артта калган.

Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Мурат Суталиновду оорусуна байланыштуу абактан чыгаруу зарыл экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, Суталинов 4-даражадагы айыкпас дарт менен күрөшүп келет. Андан сырткары, ага хроникалык холецистит, панкреатит, бронхиалдык астма, гастрит сыяктуу диагноздор коюлган. Бирок Бишкек шаарынын Ленин райондук соту оорусуна байланыштуу Суталиновду абактан бошотуу өтүнүчү кабыл алган эмес.

Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Copyright © 2017 Maral FM