Биз менен байланышыңыз

Эл аралык иштер комитети АКШга Азимжан Аскаров боюнча билдирүү жөнөттү

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 801 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети АКШнын сенатор-демократтар тобуна иши Жогорку сотто каралып жаткан, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча билдирүү жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Тышкы иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин маалымат бөлүмү билдирди.

Билдирүүдө АКШнын сенаторлорун жана бир катар укук коргоо уюмдарын кызыктырган Аскаровдун иши боюнча тиешелүү маалыматтар камтылат.

Тактап айтканда, Аскаровдун ден-соолугунун абалы канааттандыраарлык экендиги, ага зарыл медициналык жардамдар менен үзгүлтүксүз жардам көрсөтүлүп жатканы айтылат. Ошондой эле, өлкөдө сот бийлигинин ишине кийлигишүүнү болтурбай турган мыйзамдуулукту жана сот реформасын күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленген.

Ошондой эле катта гуманизмдин жана кайрымдуулуктун негизинде, Кыргызстанда ушул жылдын 8-майында камактагы калктын аялуу катмарына, анын ичинде улгайган адамдарга жана жалгыз бой энелерге мунапыс жарыялангандыгы айтылат.

Эске салсак, АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча бюросу укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата чыгарган Жогорку соттун чечиминен кийин «Твиттердеги» баракчасында ага ырайым кылып бошотууну суранып, билдирүү тараткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM