Биз менен байланышыңыз

Президент: Судьянын дили тазаланмайын, сот системасы тазаланбайт, коом өнүкпөйт

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 678 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Улуттук филармонияда өтүп жаткан Кыргызстандагы сот системасынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Өз сөзүндө президент Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан сот системасы боюнча жүргүзүлгөн реформаларга канааттанбай жатканын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө көз каранды эмес сот системасын калыптандырыш үчүн бардык аракеттер көрүлгөн. Сот системасына бөлүнгөн каражат акыркы жылы 35%га көбөйүп, быйыл 2 миллиард сомдон ашканын, Жээнбеков буга карабай соттук реформа каалагандай ишке ашпай жатканын белгиледи.

Ушул жылдын башынан бери соттук-укуктук реформаны ишке киргизүүнү баштадык. Реформаны ишке ашыруу багытында Жогорку соттун, Конституциялык палатанын деңгээлинде жана айрым жергиликтүү соттор тарабынан иш жүргүзүлүп жатат. Бирок сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, сотторго ишенимди күчөтүү боюнча иш-аракеттер өтө жай болууда. Реформаны алдыга жылдырайын деген демилге, аракет байкалбайт. Соттордо жеке адамдык фактор дагы деле күчүндө, — деди өлкө башчысы.

Президент соттордун арасында адилет судьялар аз эмес экенин, мыйзам жана Кудайдан коркуп, баары тегиз абийирдүү болуп кетти деп айта албай турганын да белгиледи.

Ошондуктан эски көз караштардан арылып, башталган реформаларды аягына чыгаруу үчүн судьяларды абийир сотунун алдында таза болууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM