Биз менен байланышыңыз

«8-марттагы марштын жакшы жактары көрсөтүлгөн жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Мар 2019 | 477 | 0

Укук коргоочу Рита Карасартова “Марал” радиосуна берген маегинде 8-мартта Бишкекте өткөн аялдардын тилектештиги боюнча жүрүштүн жакшы жактары чагылдырылбай калганын билдирди.

Анын айтымында, маршта укук коргоочу, саясатчылар менен бирге ишмер аялдар дагы болгон.

«Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети атайын бизди тарткан. Көрсө, ал атайын жасалган экен. Эми бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлгө алганга шарт түзүлдү. Эгер биз мыйзамсыз бир нерсе жасасак, жоопко тартып койсо болот. Азыр УКМК атайын дүрбөтүп коюшту. Марштын уюштуруучулары чочулап, укук коргоочуларга чалды. Майрамда жакшы көрүнүштөрдүн бирөө да көрсөтүлбөй, жалаң каралоолор тартылган», — дейт Карасартова.

Анын белгилешинче, жүрүштө зордук-зомбулукка кабылгандар, мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар чыккан. Алар аялдар да бар экенин көрсөтүштү.

Карасартова маршта башкаруу органдарында кызматкерлердин 30 пайызы аялдар болушу керек деген пикирин айтканын кошумчалады.

Эске салсак, 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик маршы өткөн. Катышкандардын арасында саясатчы Равшан Жээнбеков, активист Эдил Байсалов, укук коргоочу Рита Карасартова жана башкалар да болгон.

Айрымдар жүрүштү иш-чаранын шылтоосунда ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду эсептешүүдө. Анткени акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз-караштардан тышкары сексуалдык азчылыкты жазуулар да болгон.

Copyright © 2017 Maral FM