Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон калууда

Без рубрики | 13 Мар 2019 | 1139 | 0

Баткен районунун Төрт –Көчө аймагында Аксай айылынын жашоочулары менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочуларнын ортосунда кайрадан жаңжал чыгып, Кыргызстандын бир жараны жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Ошондой эле Тажикстандын жарандары агресивдүүлүк менен Кыргызстандын жаранынын үйүнө өрт коюшкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Учурда окуя болгон жерде 200гө жакын эки өлкөнүн жашоочулары кетпей турушат. Кырдаал курч бойдон калууда.

Окуя болгон жердеги кырдаал эки өлкөнүн чек арачыларынын жана Баткен облусунун Укук коргоо кызматынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара кызматы чек араны күчөтүлгөн тартипте коргоого өттү.

Copyright © 2017 Maral FM