Биз менен байланышыңыз

Орусияда 1-апрелден кызылчага каршы компания башталат

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 458 | 0

2019-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин Орусияда кызылчага каршы компания өткөрүлөт. Бул тууралуу Орусиянын Укук коргоо жана көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын сайтында жарыяланды.

Чечимге ылайык, 1-апрелде кайсы аймактарда кызылча оорусунун көрсөткүчү жогору болсо ошол аймактан эмдөө компаниясы башталып 1-октябрда аяктайт. Ошондой эле эмдөө Орусияда жүргөн эмгек мигранттарына да жүргүзүлмөкчү.

Кызылчага каршы эмдөө мурда кызылча менен оорубаган, ага каршы эмдөө албаган жана эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу документи жок чет элдик жумушчуларга да тийиштүү болот.

Орусиянын Укук коргоо жана көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы чет өлкөлүк жарандардын кызылчага каршы эмдөө өнөктүгүнө катышууну сунуш кылат.

Copyright © 2017 Maral FM