Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Жарандар айыппулдарды төлөөдө ыңгайсыздыктарды сезбеши керек

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 651 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттү аппаратын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй,  «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу Өкмөтүн ишинин башкы артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

«Жолдордо коопсуздукту камсыздап жана жол инфраструктурасын гана жакшыртпастан, бузууларды каттоонун, билдирмелерди жеткирүүнүн жана айыппулдарды төлөөнүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу механизмин киргизүү зарыл. Жарандар долбоорду колдошууда жана жолдордо тартипти сактоого аракет кылып жатышат, алар билдирмелерди алууда жана айыппулдарды төлөөдө ыңгайсыздыктарды сезбеши керек», — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке киргизүүгө мындан аркы даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Эске салсак, 4-мартынан баштап 12 734 жол эрежесин бузуу жөнүндө токтом иштелип чыккан, алардын ичинен 5 686сы дарегине жеткирүү үчүн почта органдарына өткөрүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM