Биз менен байланышыңыз

Венесуэладагы электр энергия кризиси суу таңкыстыгын пайда кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 563 | 0

Венесуэладагы узакка созулган электр энергиясынын өчүрүлүүсү бир катар шаарларда суу менен камсыз кылуу системасынын бузулушуна алып келген. Буга байланыштуу ичүүчү суунун жоктугунан көптөгөн жашоочулар дарыяларга жана башка суу тосмолорунан булганган сууну сузуп алууга мажбур болушууда. Кээ бир жерлерде ичүүчү сууну долларга гана  сатып алууга болоорун  Deutsche Welle билдирди.

Каракас шаарынын Чыгышында жашаган жашоочулар суу идиштерин толтуруу үчүн Гуайро дарыясына барышкан. Полиция алардын жолун тосууга аракет кылганда, эл “Биздин тамагыбыз кургады” деп кыйкырган.

Николас Мадуро электр энергиясындагы көйгөйлөргө байланыштуу мектептер 12-13- мартта да иштебей турганын билдирген.

Венесуэладагы оппозициянын лидери Хуана Гуайдо жарык өчүрүлгөндөн бери өлкөдө 20дан ашуун бөйрөк оорусу менен ооруган адамдар, өз убагында диализ ала албагандыктан көз жумганын айтып келет. Бирок Гуайдо бул маалыматты четке кагат.

Copyright © 2017 Maral FM