Биз менен байланышыңыз

Кулматов менен Ибраимовдун жактоочулары эки кылмыш иштин чогуу каралуусуна нааразы

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 485 | 0

Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун жактоочулары аларга козголгон кылмыш иштерин эмне себептен чогуу каралып жатканын түшүнбөй, нааразычылыктарын билдиришти. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бишкек шаарынын экс-мэрлеринин жактоочулары “Дастан” ишканасы менен Калыс-Ордодогу мектептин эч кандай байланышы жок экенин айтышып, Кубанычбек Кулматовдун “Дастан” ишканасы менен эч качан байлашышта болбогонун билдиришти.

Алардын айтуусу боюнча эки кылмыш иши атайын жактоочулар сот отуруму болгон залга батпай калсын деп биргеликте өткөрүлүп жатат.

Мурдагы соттук отурумда экс-мэрлердин адвокаттары соттук отурумду көп адамга ыңгайлаштырылган Бишкек шаардык сотунда өткөрүүнү сунушташкан болчу.

Эске салсак, 6-марттан баштап Кулматов менен Ибраимовдун иштери чогуу карала баштаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM