Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын президенти БАЭге расмий визит менен барат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 616 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бириккен Араб Эмираттарына расмий визит менен барат. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министринин орунбасары Элёр Ганиев билдирген.

Анын айтымында, учурда Мирзиёевдин расмий сапарын уюштуруу иштери кызуу жүрүүдө. Ошондой эле бул визит тарыхий окуяга айланат,-деп кошумчалаган Ганиев.

Расмий визит 25-мартка белгиленген. Анда Өзбекстандын президенти БАЭнин бардык жогорку бийлик бутактарынын жетекчилери менен жолугушат. Визиттин негизги максаты экономикалык кызматташтык болуп, анда эки тараптуу соода-сатыктын көлөмүн арттыруу күн тартибине коюлган.

Кошумчалай кетсек, Өзбекстан БАЭ менен соода-сатык жаатында бир топ шарттарды жеңилдетип, мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнү менен, азыркы күндө эки өлкө ортосундагы соода көлөмү өтө аз көрсөткүчтө.

 

Copyright © 2017 Maral FM