Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстанда күн ачык болот

Коом , Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 556 | 0

Синоптиктердин кабарлашынча, бүгүн 13-мартта өлкө боюнча күн ачык болору күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +16, Талас облусунда +15 градус жылуу болот.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +17 градуска жетери болжолдонот. Ысык-Көл аймагында +7…+12, Нарын облусунда +2…+7 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто күндүн табы +17, Бишкекте +16 градуска жетет.

Copyright © 2017 Maral FM