Биз менен байланышыңыз

Оштун Кара-Суу районунда үй толугу менен өрттө калды

Коом , Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 573 | 0

Ош областынын Кара-Суу районунун Кызыл-Кошчу айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кулбаев көчөсүндөгү үйдө болгон өрттүн кесепетинен аянты 110 чарчы метр, жыгач устундуу шифер жабылган үй толугу менен күйүп кетти. Бактыга жараша адам өлүмү катталган эмес.

Учурда өрттүн чыгышынын себеби такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM