Биз менен байланышыңыз

Венесуэла өз тарыхындагы эң ири энергетика кризисин жашап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2019 | 651 | 0

Венесуэланын  калкынын басымдуу бөлүгү экинчи күн электр жарыгы жок жашап жатат. Бийлик массалык өчүрүүнүн  себеби кактары оппозицияны жана америкалык хакерлерди айыптады. Ал эми оппозициянын лидери Хуан Гуайдо болсо Николас Мадуро башында турган  өкмөттүн натыйжалуу иш  алып бара албагандыгы деп ырастаганын Би-Би-Си билдирди.

Массалык электр жарыгын өчүрүү  7-мартта  Венесуэладагы  ири «Гури»  ГЭСиннен чыккан маселелерден улам болгон.

Өчүрүүнүн кесепетинен дээрлик коомдук транспор, метролор иштебей, Каракас аэропортунда ондогон рейстер токтотулуп же жылдырылган.

Бийлик мектептерге жана жогорку окуу жайлардагы окууну токтотту. Жума күнү Каракас жана башка шаарларда көптөгөн жашоочулар жумушка чыгышкан жок.

Колумбиялык басылма El Tiempo билдиргендей, электр жарыгыннын жоктугунан бери дегенде, эки бала каза болууда. «Ден соолук үчүн дарыгерлер» укук коргоо тобунун малыматы  боюнча Венесуэланын ооруканаларындагы электр энергиясынын жоктугунун айынан акыркы төрт айда 79 бейтап көз жумган.

Азык-түлүк жана дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун сактоо үчүн муз издөөгө аргасыз болушууда.

Президент Николас Мадуро  массалык электр жарыгынын  өчүшүнө АКШ бийлигин  айыптоодо.

 

Copyright © 2017 Maral FM