Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерди тейлөө борбору ачылып, 26 түр кызмат көрсөтмөкчү (тизмеси)

Кыска кабар | 10 Мар 2019 | 1099 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ишкерлерди тейлөө борборун түзүүнүн жана алардын ишти алып баруусу боюнча концепциясын бекитти. Аталган борбор билим берүү, маалымат берүү, каржылык  жана консалтинг боюнча кызмат көрсөтөт. Ошондой эле айрым мамлекеттик кызматтардан да аталган борбордо пайдалууга болот.

Экономика министирлигинин маалыматы боюнча биринчи Ишкерлерди тейлөө борборлору Ош жана Бишкек шаарларында ачылып, 26 түр кызмат көрсөтүшмөкчү.

Билим берүү кызматтары:

  • Башталгныч жана өнүккөн ишкерлер үчун курстар,
  • Башталгыч ишкерлер үчүн бизнес-инкубаторлор,
  • Бизнес-коуч,

Маалыматтык кызматтар:

  • Бизнес ачуу үчүн маалымат берүү жана колдоо,
  • Бизнес-планды иштеп чыгууга колдоо көрсөтүү,
  • Ишкерлер үчүн азык-түлүктүн экспорту жөнүндө насаат айтуу,
  • Укуктук жардам көрсөтүү,
  • Багыттар боюнча насаат берүү,
  • Ресурстарды башкаруу,

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү, уруксат жана лицензия берүү:

  • Документтерди каттоо жана берүү (маалымкаттар,арыздар, күбөлүк жана башка документтер),
  • Тышкы соода кызматы (экспорт,импорт иштери),
  • Техникалык жөнгө салуу,
  • Лицензия жана уруксат берүү

Каржылык кызмат көрсөтүүлөр:

  • Кепилдик фонд кызматтары,
  • Камсыздандыруу,
  • Насыялар,
  • Ижара,
  • Гранттар

Консалтинг:

  • Жалпылап башкаруу,
  • Башкаруу,
  • Каржылык башкаруу,
  • Кызматкерлерди башкаруу,
  • Маркетинг,
  • Өндүрүш,
  • Маалыматтык технологиялар,
  • Атайын адистештирилген багыттар

 

 

Copyright © 2017 Maral FM