Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Кыргызстанда адилеттүүлүк орноп жатат

Кыска кабар | 10 Мар 2019 | 438 | 0

Кыргызстанда адилеттүүлүк акырындан орноп келе жатат. Мындай ишенимин эк-депутат Садыр Жапаров айтты. Анда ал өзүнүн абакта мыйзамсыз жатканын айтып, буга бүткүл Кыргызстан күбө экенине ишендирди. Мурдагы бийликтин доорунда 2012-жылы Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев болуп “Кумтөр” үчүн камалышканын эске салды.

-Үй-бүлө, ата-эне – кичинекей мамлекет. Кыргызстан – чоң мамлекет. Экөөсү бир келгенде өлкөнүн кызыкчылыгы жогору туруш керек. Мен ошону максат кылдым. Бирок атамдан да, энемден да ажырадым. Кээде отуруп «ушундай болбосо дагы 5-6 жыл жашайт беле?» деп ойлойт экесиң, — дейт Садыр Жапаров.

Кошумчалай кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы «Каракол шаарындагы митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалып, 11 жыл, алты айга кесилген. 2018-жылдын июнунда Жогорку сот ал боюнча мурдагы соттун чечимдерин күчүндө калтырган.

Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши сотко жөнөтүлгөнүн билдирген. Жогорку сот Садыр Жапаровдун ишин кайра кароону 23-апрелге белгилеген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM