Биз менен байланышыңыз

Венесуэлалык качкындар үчүн Колумбияда биринчи борбор ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2019 | 674 | 0

Венесуэлада өз өлкөсүн массалык түрдө таштап кетүү уланууда. Күн сайын миңдеген венесуэлалыктар өлкөсүн таштап кетүүдө. Алардын көбү коңшу  Колумбияга бет алууда. Колумбия  элдин массалык агымын кабыл алууга туруштук бере албай келет. Мына ушуга байланыштуу 8-мартта Колумбия менен Венесуэланын чектешкен чек арасына БУУнун жардамы менен биринчи качкындарды кабыл алуучу борбор ачылгандыгын БУУнун сайтында маалымдалды.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку башкармалыгынын басма сөз катчысы Андрей  Махесич Женевадагы брифингде качкындарды кабыл алуучу борбор Майкао шаарында ачылганын билдирди.

Учурда жаңы борбордо көптөгөн качкындар бар. Алардын ичинде жаш балдар, карыялар, медициналык жардамга муктаж болгон майыптар жана көчөдө жашаганга аргасыз болушкандар бар.

Качкындарды кабыл алуу борбору 350 адамга ылайыкташтырылган. Бирок качкындардын санынын көптүгүнө байланыштуу жакын арада кеңейтүү плдандалып жатат.

«Качкындар борборунда алар убактылуу баш калкалаар жай, тамак-аш, суу, медициналык жардам жана башка кызматтарды ала алат«, — деди Андрей Махесич.

Бул Колумбиядагы биринчи качкындар борбору болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM