Биз менен байланышыңыз

Мадуро менен Путин жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 664 | 0

Венесуеланын президенти Николас Мадуро Москвага бүгүн учуп келет. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги расмий баракчасынан билдирди.

«Мен өтө маанилүү дипломатиялык жана экономикалык иштер тууралуу сүйлөшүү үчүн Москвага баратам. Эртең Путин мырза менен өтө жыш жана маанилүү иш чараларыбыз болот»,-деп жазган ал.

Акыркы төрт жылда күчөгөн экономикалык кризиске байланыштуу венесуелалыктар Мадурого каршы толкуп, митингдерге чыгышкан. Оппозициялык күчтөрдү Америка жана Евробиримдик колдоп, Мадурого каршы ар түрдүү негатив пикирлерин билдирип келишет. Аны коррупция жана чийки саясаты үчүн күнөөлөшөт.

Ал эми ошол кезде Москва Венесуелага ири көлөмдөгү жардамын берип, Мадуронун режимин сактап калууга көмөктөшкөн. 2017-жылы Роснефть венесуелалык мунайзат өндүрүүгө эле 6 миллиард доллар инвестиция салган.

Ага карабай аталган өлкө кризистен чыга албай келет. 2017-жылкы статистика боюнча өлкөдө инфляция 2миң пайызга жогорулап кеткен. Жумушсуздук жана ачкачылыктын айынан 4 миллионго чукул венесуелалык мекенин таштап, түрдүү өлкөлөргө жумуш издеп, баш калкалап кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM