Биз менен байланышыңыз

Венесуэла Бразилия менен болгон чек арасын жапты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 576 | 0

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Бразилия менен чек арасын 21-февралдан тарта гуманитардык жардам киргизбөө үчүн жапты. Бул өлкөгө 23-февралда АКШдан жардам келмек.

Reuters агенттиги жазгандай, Мадуро Колумбия менен болгон чек ара да жабыларын айткан.

Мен мындай чечимди кабыл алгым келген эмес, бирок муну жасашым керек”, — деди Мадуро. Себеби ал Венесуэлага Колумбиядан келе турчу гуманитардык жардам менен оппозиция провокация уюштуруп жатканын, бул жөн гана шоу экенин билдирет.

El Nacional маалымат порталынын жазганына караганда, Колумбиядан келе турчу жардамды оппозиция лидери, өзүн президент деп жарыялап алган Хуан Гуайдо жетектеп келмек.

АКШ президенти Дональд Трамптын кеңекшчиси Жон Болтон гуманитардык жардамды киргизүүнү Венесуэладан талап кылды. Анын айтуусунда, өлкө өз жарандарын коргоодо туура чечим кабыл алышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM