Колумбиядагы жергиликтүү индейлерде коронавирус жуктуруп алган алгачкы эки учур катталды. Индейлердин уруу-уруу болуп жашагандыгын жана алардын иммундук системасы алсыз экендигин эске алуу менен, мындай топтогу калктын арасында коронавирус тез таралат деп өлкөнүн саламаттык сактоо кызматкерлери тынчсызданып жатышат.