Биз менен байланышыңыз

10-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 10 Мар 2019 | 435 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча өлкөнүн айрым аймактарында Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын алыскы аймактарында түнкүсүн жамгыр жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүзү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Талас облустарынын толуу райондорунда кар жаайт, өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот. Чүй, Талас, Ош, Баткен, жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн мезгил мезгили менен туман болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

-түнкүсүн: +1…+4

-күндүз: +6…+11

Талас облусунда

-түнкүсүн: -4…+1

-күндүзү: +6…+11

Баткен облусунда

-түнкүсүн: -1…+6

-күндүзү: +8…+13

Ош жана Жалал-Абад облустарында

-түнкүсүн: 0…+5

-кундүзү: +7…+12

Ысык-Көл облусунда

-түнкүсүн: -1…-5

-күндүзү: +3…+8

Нарын облусунда

-түнкүсүн: -10…-15

-күндүзү: -2…+3

Бишкекте түнкүсүн жамгыр жаап, күндүзү күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүзү +9…+11, түнкүсүн -0…+2.

 

Copyright © 2017 Maral FM