Биз менен байланышыңыз

Аба-ырайы: Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт

Коом , Кыска кабар | 9 Мар 2019 | 575 | 0

Кыргызгидромет борбордун билдирген маалымат боюнча эртең 10-мартта түнкүсүн өлкөнүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн туман түшөт. Тоолуу жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11,

Баткен жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12,

Ысык-Көлдөтүнкүсун 0…-5, күндуз 3…8,

Нарын дубанында түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -1…-6 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 0…2, күндүз 9…11 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM