Биз менен байланышыңыз

Аба-ырайы: Жаан жаап, айрым аймактарда карга айланышы мүмкүн

Коом , Кыска кабар | 9 Мар 2019 | 514 | 0

Синоптиктердин билдиришинче, бүгүн 9-мартта республика боюнча жаан жаап, айрым аймактарда карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +10, Таласта +9 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13, Ысык-Көлдө +8 жылуу, Нарын жергесинде -5 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, абанын температурасы Ошто +11, Бишкекте +10 градуска жетет.

Copyright © 2017 Maral FM