Биз менен байланышыңыз

Орусияда өрттөн жабыркаган кыргызстандыктын абалы оор

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 534 | 0

Орусиянын Владимир облусундагы заводдо чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандык жарандардын бири оор абалда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып, өрт Владимир облусундагы Гороховец шаарындагы айнек идиштерди жасоочу «Русджам» заводунда чыкканын кабарлады.

Анда өрттөн жабыркаган жети кишинин экөө кыргызстандык экени аныкталды. Алар 28 жаштагы Т.О. аттуу жаран, анын абалы орто оор деп бааланууда. Ал эми 33 жаштагы Т.Б. аттуу жарандын абалы өтө оор абалда.

Бүгүн эртең менен ТАСС маалымат агенттиги заводдо чыккан өрттө жабыркагандардын баары кыргызстандык экенин жазган.

Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатканы кабарланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM