Биз менен байланышыңыз

Аба-ырайы: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт

Коом , Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 494 | 0

Кыргызгидромет борбордун билдиришинче, бүгүн 6-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустарында жана Ысык-Көл аймагында +8 градус жылуу болот.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде +13 градус ал эми Нарын облусунда +5 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто абанын температурасы +13, Бишкекте +8 градуска жетээри айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM