Биз менен байланышыңыз

Өмүркулов: Атамбаевдин көзүн май басып калган

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 2143 | 0

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу депутат өзү Би-Би-Сиге берген маегинде айтты.

-Себеби биз аябай саясатташып кеттик. Экономикалык маселенин ордуна да саясатты сүйлөп калдык. Чоң саясий топтор да атайын сайттарды, каналдарды ачып, бири-бирин каралап жатышат.

Эскерте кетсек, буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн берген маегинде “Мурмукулов” деген ысымды атап, анын дарегине да ар кандай сындарды айтканы бар.

Иса Өмүркулов андагы персона өзү экендигин айтып, шылдың катары баалады.

-Атамбаев азыр көп нерсеге көзүм ачылды деп жатпайбы. Демек, бийликте турганда көзүн май басып калган да. Ошентип эч нерсени көрбөй калган да. Азыр эми аттарды коёбу, ал өз иши. Мен анын дарегине эч нерсе деп айтпайм, — деди эл өкүлү.

Кошумчалай кетсек, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 3-же, 6-апрелде партиянын кезектеги съездин өткөрүүнү пландоодо. Бирок партиянын төрага орун басары Асель Кодуранова мындай жыйын мыйзамсыз экенин айтып чыкты.

 

Copyright © 2017 Maral FM