Биз менен байланышыңыз

«Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын кеңеши бийликке сунуштарын берип турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Мар 2019 | 478 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын кеңештин мүчөлөрү орток пикирге келген соң өкмөткө, президентке же парламентке тийиштүү сунуштарын берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын экинчи чакырылышынын төрагасы Ишенбай Кадырбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, консультативдик кеңеш 2011-жылы саясатчы Ахматбек Келдибековдун сунушу менен түзүлгөн. Бирок ал убакта президент да, Жогорку Кеңеш да эч кимдин кеңешин укчу эмес. Экстерге карата мамиле башкача болчу.

Эми азыркы президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин мурдагы төрагалары менен сүйлөшүп, акыл сураган саясий абал жаралууда.

«Бири-бирибиз менен макулдашсак, кээде башкалар туура түшүнүк берип, маалымат айтышы мүмкүн. Баарыбыз бир пикирде болсок, өкмөткө же президентке кайрылалы деген ой менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын консультативдик кеңешин түздүк. Алгач уюштуруу маселелерин сүйлөшкөндүктөн журналисттер чакырылган жок. Эми кеңештин мүчөлөрү жок дегенде квартал сайын жолугуп турабыз, орчундуу маселе чыкса оперативдүү жолугуулар болот. Бирөөгө үмүттөнүп, Асылбек Шариповичке айтсак, ал президентке жеткирет деген ойдон алыспыз. Президенттин консультативдик кеңеш кабыл алуусу бизге эмес, өзүнө маанилүү«, — дейт Кадырбеков.

Ал буга кошумча, Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына жетишүү ар кимдин колунан келе бербей турганын айтып, мудагы төрагалардын ар бири чоң кадр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, марттын башында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын консультативдик кеңеши түзүлгөн. Анын башчылыгына Медеткан Шеримкулов тандалып, аткаруу комитетинин төрагасы болуп Акматбек Келдибеков шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM