Биз менен байланышыңыз

«Бийлик шайлоо кодекстерин өзгөртүүгө кайдыгер карап жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Мар 2019 | 535 | 0

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын II чакырылышынын төрагасы Ишенбай Кадырбеков “Марал” радиосуна берген маегинде шайлоо кодекстерин өзгөртүү маселесине парламент да, президент да кайдыгер мамиле кылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылкы шайлоо азыркы принциптер менен өтүп, парламентке учурдагыдай деңгээлдеги депутаттар келери күтүлүүдө.

Биринчиден, «Кумтөр» маселеси боюнча президент да, өкмөт да, парламнет да үн катпайт. Экинчиден, адмнистративдик-аймактык реформалар башталбай жатат. Үчүнчүдөн, парламентти оңдоп, депутаттарды эл шайлабаса, келечекте да азыркы абалда калабыз, — дейт Кадырбеков.

Ал жогоруда аталган маселелер боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы 4 төрагасы президентке кайрылганын, бирок эч кандай жооп болбонун белгиледи.

Мындан сырткары, бийлик кадр маселеси боюнча системалуу түрдө иштеши зарыл экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM