Биз менен байланышыңыз

Шайлоо системасын өзгөртүүгө дагы да болсо үмүт бар

Саясат | 17 Дек 2019 | 1046 | 0

Шайлоо босогосун төмөндөтүү боюнча кезектеги тегерек стол болуп өттү. Саясатчылар, эл өкүлдөрү, активисттер катышкан жыйында бул багытта аткарылган жумуштар, буга чейинки жыйындардын жыйынтыгы жана мындан ары аткарылуучу кадамдар талкууланды. Негизги максат шайлоо босогосун 3 пайызга чейин төмөндөтүү, жана преференциалдык шайлоо өткөрүү.

Бүгүнкү шайлоо системасына эл нааразы

Негизги максаты шайлоо босогосун 3 пайызга чейин төмөндөтүүгө байланыштуу уюштурулган кезектеги тегерек стол болуп өттү. Жыйында бир катар саясатчылар, эл өкүлдөрү, жарандык активисттер шайлоо системасына киргизүү керек делген өзгөртүүлөр, сунуштар тууралуу талкуулашты.

Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азыркы шайлоо системасына эл нааразы экенин белгилеп, элдин бардык катмарынан парламентке депутат болуп келүүсүн камсыз кылуу үчүн шайлоо босогосун 3 пайызга чейин төмөндөтүү керектиги тууралуу ой бөлүштү. Муну менен катар ал партиялардын жеңил түзүлүүсү керек экендигине токтолду:

-Карапайым адамдар, өзгөчө, жаштар бүгүнкү шайлоо системасына нааразы. Анткени алар бул системаны “адилетсиз” деп эсептешет. “Бул жерге байлар гана келет экен. Бийликтин же партиянын лидеринин көңүлүн таап, эптеп колтугуна кирип кеткендер келет экен”, — дейт. Бүгүнкү күндө жаштар, жаңы күчтөр, саясий кыймылдар шайлоо эрежелерин өзгөртүп, коомго өзүнүн өзгөрүүлөрүн киргизгиси келет. Биз мына ошондой системаны камсыз кылып беришибиз керек. Кыргызстанды бөлүнүп-жарылуудан сактап кала турган жападан-жалгыз жол ушул. Тизме ачык болуусу зарыл. Партияларды түзүүнү жөнөкөйлөтүш керек. Майда, бытыраган партияларга официалдуу түрдө шайлоо блогун түзгөнгө уруксат берилүүсү кажет. Ал Конституцияга каршы келбейт.

Мадумаров: «Электрондук каттоону киргизүү зарыл»

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарынын укугу боюнча кеп козгоп, буга чейинки эки шайлоодо миллионго жакын кыргызстандыктар шайлоо укугунан ажыраганын эске салды. Мадумаровдун пикиринде электрондук каттоону киргизүү менен, ар бир жарандын, айрыкча, четте жүргөн кыргызстандыктар үчүн шайлоого катышуунун жолун жеңилдетсе болот.

-Бир миллион кыргыз жаранынын укугу тебеленип келет. 1 миллион добуш менен президент болуп жатпайбы. Мамлекеттин казынасын толтуруп жаткан ошол сыртта жүргөндөр. Бирок алардын шайлоого укугу жок. Кайда барат алар? Ушул шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө электрондук каттоо, электрондук добуш берүүнү камсыз кылуу жолдорун карашыбыз керек. Дүйнөдө моңголдор менен биз эле калдык корейдин кара жашигине жабышкан. Бул жол менен миң жолу БШК мөөрүн басып, “шайлоо ушундай өттү», — деп жарыя салсын, кыргыз эли ишенбейт.

ЖКны олигархизациядан кантип сактоо керек?

Шайлоо мыйзамдарын талкуулаган тегерек стол биринчи ирээт өткөн жок. Талкууга активдүү катышкан жаш активисттердин саны көбөйүүдө. Алардын катарын толуктаган журналист Азият Жекшеев шайлоого катышуу күрөөсүн төмөндөтүү сунушун колдоорун белгиледи. Бирок ал «олигархтардын” парламентке келүү мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу үчүн шайлоо фондорундагы сумма боюнча да тиешелүү ченем болуусу керек экендигин айтат:

-9 пайыздык босогону түшүрүү, ачык тизме, 5 миллиондук күрөөнү 1 миллионго түшүрүү. Жакшы сунуштар айтылууда. Мындай жол менен жаңы саясий күчтөрдү парламентке алып келүү аркылуу олигархизациядан кутултары айтылууда. Тилекке каршы, олигархизациядан кутулууга бул сунуштар аз. Анткени шайлоо фонду деген да бар. Ошондуктан чындап эле жаңы күчтөр келсин деген ниетибиз болсо, фонддогу сумманын көлөмүн да кароо зарыл.

«Өзгөртүүгө кеч эмес. Коомчулук пикирин билдирип турса»

“Шайлоо босогосун төмөндөтүү керек” деген ойго кошулган аз сандагы депутаттардын катарында Исхак Масалиев да бар. Ал 2017-жылы босогону 9 пайызга көтөргөндө да “каршы добуш бергем”, — дейт. Мындан улам, бүгүнкү күндө шайлоо босогосун 5 пайызга чейин түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук угууга койгонун айтты. Ошондой эле, элдин талабындагы өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, коомдук активисттердин аракеттери, көмөгү маанилүү экенине токтолду:

-Биз босогону 5 пайызга чейин, күрөөнү 1 миллионго чейин төмөндөтүүнү сунуштап жатабыз. Азыркы шайлоо системасына коомчулук, саясий партиялар каршы экенин айтышууда. Азыркы айтылып жаткан сунуштарды ишке ашырууга, шайлоо кодексине киргизүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Мен депутаттар менен сүйлөшүп көрсөм, алардын төмөндөтүүгө каршылыгы жок экен. Бир гана саясий лидерлер тоскоолдук кылбаса, колдоо табары анык десек болот. Ошондуктан бүгүнкүдөй тегерек столдор өтүп, пикирлер катуу-катуу айтылып турса, таасири өтүмдүүрөк болмок.

Жыйынтыгында, шайлоо босогосун 5-3 пайызга чейин төмөндөтүү, партияга эмес, талапкерге добуш берүү, партиялардын тизмесинин тактыгы, электрондук каттоо, күрөөнүн баасын 1 миллионго чейин төмөндөтүү сунуштары айтылып резолюция кабыл алынды. Муну менен катар жыйындын катышуучулары жарандык активисттерди, саясатчыларды эл тандай тургандай кылып камсыз кылуу үчүн “Менин укугумду кайтар” аттуу чакырык астында коомдук-саясий кыймылга биригүүгө чакырышты.

Copyright © 2017 Maral FM