Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Өзгөчө кырдаалдар министрин кабыл алды

Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 592 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-мартта, Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы сел жана жер көчкү коркунучу бар жерлерден калкты коопсуз аймактарга убактылуу көчүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кароону сунуш кылды.

«Өзгөчө кырдаалдар коркунучтары жана коопсуздук эрежелерин сактоо тууралуу элге кеңири маалымат жеткирүү мамлекеттик органдардын маанилүү иштеринин бири. Бул иш жаратылыш жана техногендик капсалаңдардын кесепеттерин азайтууга, адамдардын курман болуусуна жол бербөөгө, материалдык чыгымдарды азайтууга багытталышы керек», — деп белгиледи Президент.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков өрт коопсуздугун камсыз кылуу, аба-ырайынын шарттарын мониторинг жасап талдап туруу, дамбаларды жана дайра жээктерин бекемдөө, селдердин жана жер көчкүлөрдүн алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, өлкө боюнча жер көчкү коркунучу бар жерлерде азыр 4 миңге чукул адам жашайт жана 1200гө чукул жерлерде сел коркунучу бар.

Copyright © 2017 Maral FM