Биз менен байланышыңыз

Эстониядагы Парламентинде жаңы коалиция куралууда

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 910 | 0

Эстониядагы Парламенттик шайлоодо жеңип чыккан Рефомалар Партиясы Isamaa жана Социал-демократиялык партиялары менен коалиция куроого ниеттенүүдө. Бул тууралуу жеңүүчү партиянын жетекчиси Кая Каллас айым билдиргенин эл аралык басылмалар жазып чыкты.

Эстониядагы Парламенттик шайлоодо оппозициялык оңчул-либерал Реформалар Партиясы 28,8% добуш топтоп, жеңишке жеткен. Муну менен аталган партия Парламенттеги 101 мандаттын 34 мандатына ээлик кыла алат.  Шайлоодо Центристтик партия 23% (26 мандат), Элдик Консервативдик партия – 17,8% (19 мандат), партия Isamaa — 11,4% (12 мандат), Социал-демократиялык партия — 9,8% (10 мандат) добуш алышкан.

Өлкөдөгү Өкмөттүн курамын түзүү шайлоодо эң көп добушка ээ болгон партияга берилет. Учурда Центристтик партия, Социал-демократиялык партия и партия Isamaa башкаруучу коалицияга кирет.

Copyright © 2017 Maral FM